Menü
Эл-Сөздүк

Ээлик алуучу эскиргендик

ЭЭЛИК АЛУУЧУ ЭСКИРГЕНДИК – КР жарандык мыйзамдары боюнча менчик укугуна ээ болуунун негиздернинин бири. КР жарандык мыйзамдарына ылайык мүлктүн ээси болбогон, бирок кыймылсыз мүлккө 15 жыл бою, же болбосо башка мүлккө 5 жыл бою акниет, ачык жана үзгүлтүксүз, өзүнүн буюмундай ээлик кылып келген жаран же юридикалык жак ал мүлккө менчик укугуна ээ болот. Мамлекеттик каттоого жаткан кыймылсыз мүлккө же башка мүлккө менчик укугу Э. а. э-тен улам андай укукту алган адамда ошондой каттоодон өткөн учурдан тартып пайда болот. Ээлик кылуу укугуна Э. а. э-тин күчүнөн улам жеткенге чейин мүлккө өзүнүн мүлкүндөй ээлик кылган адам үчүнчү жактарга каршы, ошондой эле аларга мыйзамда же келишимде каралган башка негиздер боюнча ээлик кылууга укугу жоктордун алдында өз ээлигин коргоо укугуна ээ болот. Э. а. э. мөөнөтү тийиштүү талаптар боюнча доонун эскиргендигинин мөөнөтү бүткөндөн мурда башталбайт.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: